Өлкө аймагында сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 28 май 2025 09:40
Өлкө аймагында сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. Өлкө аймагында сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак,

- Бишкек шаарында – 3;

- Ош облусунда – 1;

- Чүй облусунда – 4;

- Жалал-Абад облусунда – 1;

- Талас облусунда – 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.