Олимпиаданын 5 жолку чемпиону Михаин Лопес Кыргызстанга келди — Кабар

Олимпиаданын 5 жолку чемпиону Михаин Лопес Кыргызстанга келди

30 август 2026 18:13
IMG_1938.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Кубалык белгилүү балбан, Олимпиаданын 5 жолку чемпиону Михаин Лопес Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабынан билдиришти.

Атактуу спортчу Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алкагында Дүйнөлүк алыш федерациясынын ардактуу коногу катары келди.

Аэропорттон аны Дүйнөлүк алыш федерациясынын президенти Адилет Баяман уулу, федерациянын өкүлдөрү жана спорт коомчулугу жылуу тосуп алышты.

Мындай жогорку наамдагы спортчунун Кыргызстанга келиши өлкө үчүн маанилүү окуя болуп, алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку эл аралык макамын дагы бир ирет айгинеледи.