Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Нарын облусунан Республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү “Артек” лагерине жолдомолорду берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалымдалгандай, жеңүүчү болгон окуучуларга лагерге жолдомо, мугалимдерге акчалай сыйлык, ал эми ата-энелерге Ыраазычылык каттар тапшырылган.
Жеңүүчүлөр:
- Качкынова Мария Алмазбековна, Ат-Башы районундагы Карыбек Карпеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу; -
- Шайырбекова Рабия Шайырбековна, Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу;
- Нурланбекова Канайым Нурланбековна, Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралиева атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу;
- Кадыров Адилхан Талантбекович, Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу;
- Өмүрзакова Акактай Акатовна, Нарын шаарындагы "Билимкана-Нарын" мектебинин 9-классынын окуучусу.
Белгилей кетсек, Нарын облусу республика боюнча жалпы эсепте 4-орунду ээлеген.