Окуучулардын жазгы каникулу узартылды – министрлик

Билим Загрузка... 24 Февраль 2026 19:15
595839311_3652911494852023_381218115047079726_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Окуучулардын жазгы каникулу узартылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулардын жазгы эс алуусу кыскарып калганы боюнча келип түшкөн кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

”Окуучулардын жазгы каникулу 2026-жылдын 2-мартынан 7-мартына чейин узартылды. Мындайча айтканда, эс алуу мөөнөтүнө кошумча 4 күн берилди.
Окуу планынын толук аткарылышын камсыз кылуу максатында, кошумча берилген 4 окуу күнү май айында окутулат. Натыйжада, 2025–2026-окуу жылы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.
Акыркы коңгуроо аземи 2026-жылдын 29-майында өткөрүлөт", - деп белгилешти министрликтен.