Окуучулар STEM багытындагы окуу китеби менен 100 пайыз камсыздалды - Жусупбекова

Билим Загрузка... 25 Июнь 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-06-25 at 10.48.07.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Окуучулардын STEM багытындагы окуу китеби 100 пайыз камсыздалды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул багыттагы китептер менен толук камсыз кылуу мүмкүн болбой келген.

“Мунун негизги себеби каржылоодогу көйгөйлөр эле. Эми болсо бир катар өлкөлөрдө жакшы жыйынтыктарын көрсөткөн программанын негизинде даярдалган математика предмети боюнча окуу китептери 1-класстан 12-класска чейин камсыздалды”, - деди Жусупбекова.