Окуучуларды мектептен мектепке которуу санариптешет

Билим Загрузка... 26 Январь 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.10.00 (3).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Окуучуларды мектептен мектепке которуунун электрондук системасын ишке киргизүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, азыр мектепке которуу иши кагаз менен жүргүзүлүп келет.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, балдарды мектепке кабыл алуунун электрондук системасы иштеп баштагандан бери мектепке киргизүү маселеси кыйла азайды.

"Ата-энелер баласын бир мектептен экинчи мектепке которо турган болсо, системанын жардамы менен арыз берет. Ал эми система бош орун болсо өзү так көрсөтөт. Азыр окуучуларды башка мектепке которуу кол менен жүргүзүлүп жатат. Бул маселени Агартуу министрлиги карап чыксын. Азыр ата-энелер мектепти тандап балдарын окутуп жатат. Орундарды так бөлүштүрүү зарыл. Бул мектептердин жүктөмүн азайтат. Бул системаны шаарларда колдонуп көрүү керек", - деди минкаб жетекчиси.