Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Гонконг университетинин Коомдук саламаттык сактоо мектебинин окумуштуулары жумасына бир жолу жасалган интенсивдүү интервалдык жөө басуу машыгуусу курсактагы ашыкча майды азайтып, жүрөк-кан тамыр системасынын абалын жакшыртарын аныкташты. Бул тууралуу Science Daily басылмасына таянып, Известия жарыялады.
Изилдөөгө курсак тарабына май топтолгон, ашыкча салмактагы 315 чоң киши катышкан. Андагы биринчи топ жумасына бир жолу, экинчи топ үч жолу интервальдык машыгуу жасаса, үчүнчү топ машыккан эмес. Эки машыккан топтун тең жалпы физикалык активдүүлүгү жумасына 75 мүнөттү түзгөн.
16 жумадан кийин жумасына бир жолу машыккандар менен үч жолу машыккандардын жыйынтыгы дээрлик бирдей болгон. Экөөндө тең денедеги майдын көлөмү, майдын пайыздык үлүшү жана белдин айланасы азайганы аныкталган.
Изилдөөнүн жетекчиси, профессор Сиу Мин-файдын айтымында, көпчүлүк адамдар үчүн убакыттын тартыштыгы үзгүлтүксүз машыгууга тоскоол болот. Ошондуктан жумасына бир жолу жасалган интенсивдүү интервалдык машыгуу да ашыкча салмак менен күрөшүүдө натыйжалуу жана көпчүлүккө ылайыктуу ыкма болушу мүмкүн.