Окумуштуулар жүрөктү коргоого жардам берген эң пайдалуу мөмө-жемиштерди атады

Ден соолук Загрузка... 09 Июнь 2026 16:45
WhatsApp Image 2026-06-09 at 16.49.43.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтууда мөмө-жемиштер менен жашылчалардын саны гана эмес, алардын түрү да чоң мааниге ээ. Окумуштуулар флаваноиддерге (биологиялык активдүү кошулмалар) бай азыктарды жетиштүү өлчөмдө колдонуу жүрөк ооруларынын тобокелдигин төмөндөтөрүн аныкташканын Medical Xpress журналына таянып, Известия жазды.

Изилдөө Улуу Британия жана АКШдагы 30 миңден ашык адамды камтып, алардын тамактануу өзгөчөлүктөрү биомаркердик анализ аркылуу көзөмөлдөнгөн. Натыйжада катышуучулардын бештен бири гана суткасына сунушталган 500 мг флаваноидди кабыл алары белгилүү болгон. Бул көрсөткүч күнүнө беш порция мөмө-жемиш жана жашылча жеген адамдардын арасында да төмөн бойдон калган.

Адистердин айтымында, флаваноиддер эң көп кара өрүктө, клюквада, бүлдүркөндө жана көк чайда кездешет. Мисалы, 500 грамм кара өрүктө болжол менен 450 мг, 250 грамм клюквада 300 мг, 200 грамм бүлдүркөндө 250 мг флаваноид бар. Ал эми 250 миллилитр көк чайда орто эсеп менен 200 мг бул пайдалуу зат кездешет.

Изилдөөнүн жетекчиси доктор Хавьер Оттавиани көпчүлүк адамдар мөмө-жемиштерди үзгүлтүксүз жесе эле организм жетиштүү флаваноид алат деп эсептээрин белгилеген. Бирок изилдөө азыктардын көлөмүнө караганда алардын туура тандалышы маанилүүрөөк экенин көрсөткөн.

“Бир ууч бүлдүркөн, бир даана алма же түшкү тамакка кошулган бир чыны көк чай организмге сиңген пайдалуу кошулмалардын көлөмүн олуттуу көбөйтө алат”, — деген ал.

Ал эми Рединг университетинин профессору Гюнтер Кунленин айтымында, күнүнө беш порция мөмө-жемиш жана жашылча жеш боюнча сунуш өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бирок эми ошол беш порциянын курамына кайсы азыктар кириши керек экенине көбүрөөк көңүл буруу зарыл экендиги белгиленет.