Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Токио илим институтунун окумуштуулары жакшы жылууланбаган үйлөрдө жашаган улгайган адамдар жүрөк-кан тамыр ооруларынан көбүрөөк каза болушарын аныктап чыгышты. Бул тууралуу Lenta.ru жазып чыкты.
Маалыматта белгиленгендей, BMJ Public Health журналында жарыяланган алты жылдык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, үйдүн температурасы аба ырайынан көз каранды болгон жеке турак үйлөрдө жашаган адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүм коркунучу батирде жашагандарга караганда кыйла жогору экендиги аныкталган.
Окумуштуулар муну өзүнчө турак үйлөр, айрыкча кыш мезгилинде, жылуулукту начар сактайт, анткени алар бардык тарабынан сырткы аба менен түз байланышта болот. Үй ичиндеги температуранын кескин өзгөрүшү кан тамырлардын тарышына жана кан басымдын ар кандай болушуна алып келип, инфаркт же инсульт коркунучун күчөтөт. Бул көрүнүш өзгөчө жашы улгайган эркектерде байкалган (алар температуранын өзгөрүшүнө эң сезгич топко киришет) деп түшүндүрүшөт.
Ошондой эле алар белгилегендей, үйдөгү туруктуу температураны сактоо — бул жөн гана жайлуулук эмес, ден соолук үчүн маанилүү шарт. Үйлөрдү жакшыраак жылуулоо жана энергияны үнөмдөгөн терезелерди орнотуу жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү азайтып, туура тамактануу жана кыймыл активдүүлүгү менен бирге алдын алуу чараларынын бир бөлүгү боло алат.