Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Окумуштуулар адамзаттын ишмердүүлүгү Жер планетасынын табигый тең салмагын бузуп, коопсуз чектен ашып жатканын билдиришти. Атап айтканда, адамдардын ишмердүүлүгү - Жердин табигый системаларына үстөмдүк кыла баштаган доорго келди. Бул тууралуу Потсдам климаттын таасирин изилдөө институтунун (PIK) баяндамасында айтылганын, Известия жазды.
Изилдөөгө ылайык, Жердин туруктуу иштешин камсыз кылган тогуз чек бар. Учурда алардын ичинен жетөө бузулган. Бул абал климаттын өзгөрүшүнө, токойлордун кыйылышына, таза суунун тартыштыгына, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна жана айлана-чөйрөнүн булганышына түздөн-түз байланыштуу.
Быйылкы баяндамадан океандардын кычкылданышы өзүнчө чоң көйгөй катары белгиленип, бул деңиз экосистемаларына олуттуу коркунуч жаратары айтылды. Башкача айтканда, бул жетинчи жолу планетардык чек бузулганын билдирет.
Италиянын Венеция шаарында экологиялык Extinction Rebellion кыймылынын активисттери акция өткөрүштү. Алар Гранд-каналга атайын боёк кошуп сууну ачык жашыл түскө боёшту. Анда экоактивисттер Риальто көпүрөсүндө туруп, бул иши менен дүйнөнүн көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө бурууну максат кылышканы белгиленет.