Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Кытай жана Улуу Британиянын окумуштуулары электромобилдерди зымсыз кубаттоого мүмкүнчүлүк берген, натыйжалуулугу 98,51 пайызга жеткен жаңы системаны иштеп чыгышты. Бул тууралуу Казинформ маалымдады.
20 кВт кубаттуулуктагы система нанокристаллдык эритмелердин негизинде жасалган. Долбоорго Дунгуань материал таануу жана технологиялар институтунун, Кытай Илимдер академиясынын Физика институтунун, Гонконг шаардык университетинин жана Кембридж университетинин адистери катышкан.
Окумуштуулар иштеп чыккан магниттик тилкенин узундугу 440 мм, туурасы 330 мм, калыңдыгы болгону 4 мм. Ал эки эсе жука болгону менен, кубаттуулукту жогорку деңгээлде өткөрө алат.
Система энергияны электромагниттик индукция аркылуу байланышсыз өткөрөт. Бул унааны кубаттоо процессин толугу менен автоматташтырууга шарт түзөт. Иштеп чыгуучулар технологияны айдоочусуз унааларды массалык түрдө колдонууга өтүүдөгү маанилүү чечимдердин бири катары баалашууда.
Мындан тышкары, жаңы системаны темир жол транспортунда, өнөр жай роботторунда жана учкучсуз учуучу аппараттарда колдонуу пландалууда.
Учурда Дунгуань материал таануу жана технологиялар институту иштеп чыгууну коммерциялаштыруу жана өндүрүшкө киргизүү иштерин жүргүзүүдө. Инженерлер системанын натыйжалуулугун жана башка көрсөткүчтөрүн мындан ары дагы жакшыртууну көздөп жатышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Кытайда электромобилдер үчүн кубаттоочу түзүлүштөрдүн саны 21 миллиондон ашканы кабарланган.