Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Окумуштуулар кант диабетин инсулин сайбай эле дарылоо ыкмасына жакындашты. Бул тууралуу New England Journal of Medicine журналына шилтеме берүү менен Lenta.ru жазды.
Маалыматка ылайык, кант диабетинин 1-тибинин келип чыгышына иммундук системанын уйку безиндеги бета-клеткаларды жок кылып салышы себеп болот. Ал эми бул клеткалар инсулиндин бөлүнүп чыгышына жооп берет. Адистер лабораторияда өзөк клеткаларынан өстүрүлгөн бета-клеткаларды киргизүү аркылуу диабет менен ооругандарды дарылоонун жаңы ыкмасын сунушташты.
Буга чейинки клиникалык изилдөөлөр бир беткей жыйынтык берген эмес. Айрым бейтаптарга модификацияланган бета-клеткаларды киргизүүнүн аркасында глюкозанын деңгээли турукташып, атүгүл инсулин ийнелеринен толук баш тартууга чейин барышкан. Бирок башка бейтаптарда иммундук система трансплантацияланган клеткаларды жат катары кабыл алып, жок кылып салган. Мунун логикалык чечими катары иммундук системаны басуучу дарыларды белгилөө каралган, бирок аларды өмүр бою колдонуу башка оорулардын жана кабылдоолордун коркунучун жогорулатат. Ошондой эле био-шайкеш капсулаларды киргизүү же бейтаптын өзүнүн ткандарынан алынган клеткаларды колдонуу аркылуу клеткаларды коргоонун башка ыкмалары да сыналган.
Uppsala университетинин окумуштуулары клеткаларды иммундук жоопко каршы турууга үйрөтүүнү сунушташууда. Бул үчүн окумуштуулар өзөк клеткаларынан бөлүп алуу этабында эле трансплантаттардын касиеттерин өзгөртүшөт. Натыйжада бейтаптын иммундук системасы ал клеткаларды тааныбай калат.