Окумуштуулар: Айлап эриген Арктика бир нече күндүн ичинде эрип кетүүдө

Дүйнө Загрузка... 18 Декабрь 2025 10:35
WhatsApp Image 2025-12-18 at 10.18.45.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25 /Кабар/. Арктикада абанын жылышы менен мурда бир канча жумалап, айлап эриген муздар бир нече күндүн ичинде эрип кетүүдө. Бул тууралуу Известия билдирет.

Окумуштуулар белгилегендей, мындай көрүнүштөр кар менен муздун абалын катуу өзгөртүп, Арктиканын табиятын алсыратууда. Кышында топтолгон кар жайкы эриген муздун ордун толтура албай калды. Бул абал көп жылдан бери уланып келет, бирок акыркы кезде муз мурдагыдан да ылдам жоголууда.

Адистер бул көрүнүштү жылуулук толкундары деп аташат. Бул абанын температурасына эмес, муздун канчалык тез эрип жатканына байланыштуу аныкталат. Мындай эрүү Арктиканын бардык аймактарында байкалганы менен эң көп зыян Гренландияга тийүүдө. Ал жакта Түндүк жарым шардагы эң чоң муз катмары бар. Мисалы, 2012, 2019 жана 2021-жылдары айрым айларда аралдын 90 пайыздан ашык бөлүгү бир убакта эрип кеткен.

Окумуштуулардын түшүндүрмөсүндө, мындай кырдаал абанын жалпы жылышы менен кошо айрым өзгөчө аба ырайы шарттарында да пайда болот. Айрыкча, узакка созулган антициклон болгондо күн ачык туруп, түштүктөн жылуу аба келет. Айрым учурларда жылуу, нымдуу булуттар да музга кошумча жылуулук берип, эришин тездетет.

Муз эриген сайын анын үстүндөгү ак кар кетип, кара түстөгү муз ачылат. Кара муз күндүн нурун көбүрөөк сиңирип, эрүүнү дагы күчөтөт. Ошентип, бул процесс өзүн-өзү күчөтүп турган айлампага айланат.

Мындан сырткары, 1990-жылдардан бери бул көрүнүш мурда эрибеген бийик тоолуу аймактарга чейин жетти. Азыр эриген чек аралар улам жогору көтөрүлүп, мурда муз топтолуучу аймактар азайып барат.

Ошондой эле Science X басылмасы Антарктидада 2010-2023-жылдар аралыгында жүздөгөн айсбергдердин жылышы катталганын кабарлады. Алардын көбү “Кыямат күнү мөңгүсү” деп аталган Туэйтс муздугунун жанында болгон. Окумуштуулар бул ледник толук кыйраса, деңиз деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн деп эскертишүүдө.