Бишкек, 05.04.25. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районундагы Токтоналиев көчөсү 70 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн сырткы көрүнүшү учурда көз кубантарлык абалда эмес. Үйлөрдүн сыртына кооздук тартуулап, муралдарды тарткан “Доха” чыгармачылык тобу жогорудагы даректе жайгашкан турак жайга Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ата Мекендик согуштун катышуучусунун сүрөтүн тартуу демилгесин көтөргөн.
Мындай демилге үйдүн жашоочуларына жана МАБга жаккан. Бирок Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев муралды тартууга уруксат бербей жатканы маалым болду.
Буга байланыштуу район жетекчисине байланышып, маселе тууралуу пикирин уктук.
"Биз азыр эски муралдардан кеттик. Эгер санарип форматта болсо, карап көрөбүз. Жарнамалык LED-экрандарды койдурабыз. 9-май жакындаганда коюлуп баштайт. Буга чейин тартылгандар тура берет, мындан кийин тарттырбайбыз. Анткени биздин концепцияга туура келбейт”, - деди ал.