Жол оңдоо. Бишкекте 3 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Коом Загрузка... 25 Апрель 2025 14:41
2114829.e3647d9f3f863d8c83d3f4a792aef3fd-2-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында жол катмарын калыбына келтирүү менен бирге Курманжан датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштер Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейин толук жабылышы менен жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу №169, №104 жана №146 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.