Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Нью-Йорк шаарынын бийлик өкүлдөрү турак жай кризисин жеңилдетүү үчүн мурдагы кеңсе имараттарын турак жайга айландырышат, деп Bloomberg шаардык администрациянын пландарына шилтеме келтирип кабарлаганын Интерфакс жазды.
Маалыматка караганда, программанын алкагында 12 миңден ашык жаңы батирлер пайда болот. Ал үчүн 90го жакын имарат тандалып алынган. Кеңсе имараттарынын макамы турак жайга алмаштырылды. Алардын арасында мурдагы Goldman Sachs башкы кеңсеси жана JPMorgan Chase кеңселери жайгашкан тарыхый кирпич имарат бар. Pfizer'дин мурдагы башкы кеңсесинде 1500дөн ашык ижарага берилүүчү батирлер жайгашышы мүмкүн.
"Бизде кеңсе имараттарында бош орундар көп, ал эми ижарага берилүүчү турак жайлар өтө аз. Кеңселерди турак жайга айландыруу идеясы абдан логикалуу көрүнөт", - деди Шаарды пландаштыруу департаментинин башчысы Дэн Гародник.