Нью-Йоркто Кыргызстан менен Болгариянын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 24 сентябрь 2026 10:55
1e3afe27-73f0-3acf-b78f-5f6949c667e6.jpg
66fc1fa7-0688-3a28-8e97-9723a182fabc.jpg
Алдыга
Артка
1e3afe27-73f0-3acf-b78f-5f6949c667e6.jpg
66fc1fa7-0688-3a28-8e97-9723a182fabc.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Болгариянын тышкы иштер министри Велислава Петрова-Чамова менен БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду активдештирүүгө жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин иштеп чыгууга негизги көңүл бурулду.

Ошондой эле тышкы иштер министрликтер аралык саясий консультациялардын кезектеги раундун өткөрүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Болгариянын Европа биримдигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Жээнбек Кулубаев Велислава Петрова-Чамова Кыргызстанга сапар менен келүүгө, ошондой эле 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Тараптар кыргыз-болгар мамилелерин мындан ары чыңдоого жана ар кандай деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.