Нью-Йоркто кыргыз-британ кызматташтыгы талкууланды

Саясат 23 сентябрь 2026 10:10
Нью-Йоркто кыргыз-британ кызматташтыгы талкууланды
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Күн мурун Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын тышкы иштер министри Эд Милибэнд менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты.

Саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде өз ара сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү өзгөчө каралды.

Маектештер Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги алдыдагы биргелешкен иштин алкагындагы өз ара байланыштарга көңүл бурушту.