Нью-Йоркто кеме Бруклин көпүрөсүн сүзүп, эки адам каза болду

Дүйнө 901 19 Май 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-05-19 at 08.04.56 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-19 at 08.04.56.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-19 at 08.04.56 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-19 at 08.04.56.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Мексиканын Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуу кемеси Бруклин көпүрөсүн сүзүп, натыйжада эки адам каза болуп, 19 адам жаракат алган. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, кемеде 200дөн ашык адам болгон. Кагылышуу учурунда кеменин жел айдагыч кездемеси байланган тетиктери бузулуп, кулап түшкөн.

"Учурда борттогу 277 адамдын 19у жарадар болду, алардын 2си оор абалда, дагы 2 адам алган жаракаттарынан улам каза болду", - деп жазган Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс Xке электрондук катында.

Нью-Йорктун полициясы учурда жабыркагандарга жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

“Cuauhtémoc” кемеси 1982-жылы курулган жана келерки жылы АКШнын эгемендүүлүгүнүн 250 жылдыгын белгилей турган регатага даярдануу үчүн Нью-Йоркто машыгуу сапарында болгон.