Нурзат Нуртаева Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде экинчи сапка жайгашты

Спорт 2144 06 Март 2026 14:00
638162.e8b8ecde72ec8a55f979227a9d2e6076.jpg
01KHQQF9N6BXMKNZHQCC88BKX7.jpg
Алдыга
Артка
638162.e8b8ecde72ec8a55f979227a9d2e6076.jpg
01KHQQF9N6BXMKNZHQCC88BKX7.jpg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева 72 салмак ченинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде экинчи сапка жайгашты. Биринчи сапка украиналык Алла Белинская жайгашса, үчүнчү орунда түркиялык Несрин Баш турат.

Белгилей кетсек, Нурзат Нуртаева акыркы жолу Албаниянын Тирана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Muhamet Malo-2026 атындагы II рейтингдик турнирде кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашып, күмүш медаль тагынган.

Учурда Нурзат Нуртаева 24 жашта. Ал Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү.