Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин жеке сапаттарыңыз жана жан аябас эмгегиңиз Кыргызстандын өнүгүшүнө жана эл аралык аренада анын кадыр-баркын чыңдоого өбөлгө түзүүдө. Сиздин өлкөңүзгө мындан аркы ырааттуу өнүгүүнү каалайм.
Биздин ортобузда калыптанган өз ара сый мамилелерибиз мындан ары да улана берерине ишенем.
Сизге чың ден соолук, жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Сиз менен ар дайым ачык жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушууларымды жылуу эстейм. Ишенимдүү жана жемиштүү алакаларыбыздын уланышына кубанычта болом.
Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат телеграммада.