Нооруз: Нарында 100 метрлик чучук жана 5 казан бешбармак даярдалды

Аймак 21 Март 2026 11:50
IMG_9456_gabQM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9458_qTY6V.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9457_Dlp5D.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG_9456_gabQM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9458_qTY6V.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_9457_Dlp5D.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Нарында Нооруз майрамына карата 100 метрлик чучук жана 5 казан бешбармак даярдалды. Бул тууралуу "Арыба кыргызымдын нарктуулугу" долбоорунун негиздөөчүсү Жылдыз Коконбай билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн төрт жылкы союлган. Бешбармакка 300 кг кесме колдонулуп, анын 50 килограммы кол менен кесилген.

Ошондой эле 100 метрлик чучукту даярдоо үчүн төрт жылкынын казысы колдонулган. Анын өзгөчөлүгү — чучук кабыргалары менен бирге жасалгандыгында.