Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Нооруз майрамына карата министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин дарегине бир катар мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келип түштү.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевди Нооруз майрамы менен куттуктады.
"Грузия өкмөтүнүн жана элинин атынан сизди тынчтыктын, жакшылыктын жана жаңылануунун символу болгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Грузия Кыргызстан менен түзүлгөн тыгыз жана достук мамилелерди жогору баалайт. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түзүлгөн көп тараптуу кызматташтык мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бекемделе берет деп ишенем. Жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", – деп айтылат куттуктоодо.
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевге куттуктаган билдирүүсүн жолдоду.
“Жакшылыкка толгон бул куттуу күндөр бардык жарандарды асыл иштерге, кайрымдуулукка, тынчтыкка, өз ара түшүнүшүүгө жана ынтымакка умтулууга шыктандырышын каалайм. Бул жаркын күндөрдө өлкөлөрүбүздүн боордош элдери достук, жакшы коңшулаштык жана бири-бирин урматтоо байланыштарын мындан ары да бекемдеп, мамлекеттер аралык кызматташтык мамилелердин бекемделишине, ишенимге жана принциптерге негизделип ар бир жылы өнүгө берерине терең ишенем. Сизге бекем ден соолук, жооптуу ишиңизде чоң ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат телеграммада.
Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян минкаб төрагасын жаз майрамы менен куттуктады.
"Сизге жана Кыргызстандын дос элине кыргыздын салттуу майрамы болгон Нооруз майрамы менен майрамдык салам айтууга уруксат этиңиздер. Өткөн жылы Тяньцзинь шаарында өткөн “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында биз Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча терең пикир алмашууну өткөргөнбүз. Мен мамлекет башчыларынын ортосундагы макулдашууларды жетекчиликке алып, сиз менен тыгыз байланышта болууга жана Кытай менен Кыргызстандын өнүгүү стратегияларын шайкеш келтирүүнү тездетүүгө даярмын. Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын дос элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалайм", – деп айтылат куттуктоодо.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов министрлер кабинетинин төрагасын майрамы менен куттуктады.
“Быйылкы жылы биздин бир тууган элдер менен мамлекеттердин ортосундагы достук, жакшы коңшулук жана өз ара түшүнүшүү мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгөт деп ишенем. Акыркы жылдары эң жогорку деңгээлдеги макулдашуулар аркылуу жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн принциптерине негизделген Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө багытталган тыгыз жана конструктивдүү практикалык кызматташтыгыбызды улантабыз деп ишенем. Ушул куттуу күндөрдө сизге жана сиздин жакындарыңызга чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакыт жана мындан ары да ийгиликтерди каалайм, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат билдирүүдө.