Ноокенде насостук станция ишке кирди, жакында дагы бирөө пайдаланууга берилет

Аймак 24 Февраль 2025 12:40
photo_5323521924153863834_y.jpg
photo_5323521924153863835_y.jpg
photo_5323521924153863836_x.jpg
photo_5323521924153863833_x.jpg
Алдыга
Артка
photo_5323521924153863834_y.jpg
photo_5323521924153863835_y.jpg
photo_5323521924153863836_x.jpg
photo_5323521924153863833_x.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда “Ийри-Булуң” насостук бекети курулуп пайдаланууга берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынан билдиришкендей, аны менен 56 га жердин сугат суу менен камсыздоосу жакшыртылды.

Ошондой эле учурда “Центр” насостук бекети курулууда. Насостук станциянын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2025-жылдын январь айында башталып, агрегаттар сатылып алынган.

Курулуш иштерин вегетация мезгилине чейин бүткөрүү пландалууда. Насостук бекеттин курулуш иштери аяктагандан кийин 80га жердин сугат суу менен камсыздоосу жакшыртылат.