Майлуу-Суу менен Ноокендин бюджети канчага өскөнү айтылды

Аймак
Майлуу-Суу менен Ноокендин бюджети канчага өскөнү айтылды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушкан учурда аталган район менен шаардын бюджети кыйла өскөнүн айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Ноокен районунун бюджети 2021-жылы 299 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 619 млн сомго жеткен.

Райондо капиталдык курулуштун 25 объектисин курууга 2026-жылдын тогуз айына 714 млн сом каралган, анын ичинен 1-октябрга карата 677 млн сому бөлүнгөн.

Ал эми ушул эле мезгилде Майлуу-Суу шаарынын бюджети 58,5 млн сомдон 119,3 млн сомго чейин өскөн. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен Капиталдык салымдар беренеси боюнча 11,9 млн сом толук көлөмдө бөлүнгөн.