Ноокенде 37 миңге чукул тургунду тейлей турган заманбап оорукана ачылды

Министрлер кабинети 27 Июнь 2026 18:30
6a3fc00205e72 (1).jpeg
6a3fc01e955f5.jpeg
6a3fc01d4a9e8.jpeg
6a3fc01823d36.jpeg
6a3fc0116b61e.jpeg
6a3fc01042934.jpeg
6a3fc00f1f987.jpeg
6a3fc00b2186a.jpeg
6a3fc00924f53.jpeg
6a3fc00898e29.jpeg
6a3fc005c9019.jpeg
6a3fc00539cc5.jpeg
6a3fc004f300f.jpeg
6a3fc003a7157.jpeg
6a3fc003283b5.jpeg
6a3fc0029ff66.jpeg
6a3fc0023a419 (1).jpeg
Алдыга
Артка
6a3fc00205e72 (1).jpeg
6a3fc01e955f5.jpeg
6a3fc01d4a9e8.jpeg
6a3fc01823d36.jpeg
6a3fc0116b61e.jpeg
6a3fc01042934.jpeg
6a3fc00f1f987.jpeg
6a3fc00b2186a.jpeg
6a3fc00924f53.jpeg
6a3fc00898e29.jpeg
6a3fc005c9019.jpeg
6a3fc00539cc5.jpeg
6a3fc004f300f.jpeg
6a3fc003a7157.jpeg
6a3fc003283b5.jpeg
6a3fc0029ff66.jpeg
6a3fc0023a419 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Эргеш Алиев айыл аймагындагы Шамшидин Суеркулов атындагы жалпы дарыгердик практика борборунун Сакалды бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Республикалык бюджеттин эсебинен 79 млн 319 миң сом каражат жумшалган жаңы имарат заманбап медициналык стандарттарга толук жооп берет. Бүгүнкү күндө бул бөлүмдө дарылоо, төрөт, балдар, гинекология жана медициналык реабилитация бөлүмдөрү иш алып барып, калкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Жаңы медициналык мекеме Эргеш Алиев айыл аймагынын 36 миң 979 калкын сапаттуу тейлөө менен камсыз кылат. Мурда эски имаратта кызмат көрсөткөн борбордун шарты жакшырып, калкка медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Айрыкча айыл жерлеринде медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Жаңы ачылган бөлүм калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт", - деди өз сөзүндө Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле ал медицина кызматкерлеринин эмгек акысы акыркы жылдары бир нече жолу көтөрүлгөнүн, жаш адистерди даярдоо жана айылга тартуу үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгиледи. 

Иш-чаранын соңунда минкаб төрагасы медицина кызматкерлерин жаңы имарат менен куттуктап, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча ийгиликтерди каалады.