Ноокенде 300 гектар жерге мисте жана бадам көчөттөрү отургузулууда

Аймак 01 Апрель 2025 17:40
488219985_2353232195075816_6322775160104074457_n.jpg
487238158_2353232391742463_914604339183266289_n.jpg
487371282_2353232115075824_5735631684179444323_n.jpg
487391917_2353232241742478_4780442219947530169_n.jpg
487398635_2353232071742495_2381737801592266111_n.jpg
487456700_2353232335075802_7491056359542139586_n.jpg
487734093_2353232288409140_3179833343861705520_n.jpg
487810135_2353232068409162_1792321379071831780_n.jpg
487818469_2353232291742473_2142500752514051159_n.jpg
488090267_2353232185075817_3322813055095381296_n.jpg
488422471_2353232118409157_4307306052115216591_n.jpg
488452922_2353232325075803_6885588315256240573_n.jpg
488585681_2353232245075811_1228697164980604581_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Ноокен районунун Кара-Булак айылында 300 гектар жер аянтына мисте жана бадам көчөттөрү отургузулууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн аталган жайга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, жергиликтүү бийлик, ӨКМ жана токой чарба кызматкерлери барып, көчөт тигүү өнөктүгүнө катышты.

Буга чейин Кара-Булак айылында токой аянттарын көбөйтүү максатында 300 гектар жер аянты тосмолонгон. Анын 150 гектарына мисте, 150 гектар жер аянтына бадам көчөттөрү тигилүүдө. Көчөттөр болжол менен 15-20 жылда түшүмгө келет. Үрөндөр Кочкор-Ата жана Тоскоол-Ата токой чарбасында өстүрүлгөн.

Тармактын кызматкерлери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге токой чарба адистиринин жетишсиздик көйгөйү бар экенин айтышып, жаш кадрларды даярдоо муктаждыгы жаралганын белгилешти.

УКМК төрагасы Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жергиликтүү тургундардын негизги киреше бөлүгү болгон токой аянттарын сактоо жана кеңейтүү үчүн тармак боюнча билим алган, кесипкөй адистердин орду чоң экенин айтты. Ал жаш кадрларды чет өлкөдө эмес, мамлекеттин өзүндө даярдоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөөрүн кошумчалады.