Ноокенде 275 орундуу мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 14 Март 2025 10:12
484103817_1750803222453601_6272105324058595668_n.jpg
483545277_1750803285786928_2021944112372298197_n.jpg
483603468_1750803249120265_1988889319128149985_n.jpg
483738337_1750803299120260_1224287442987196772_n.jpg
483912832_1750803275786929_1432077448474129477_n.jpg
483916241_1750803229120267_5885184703119726693_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Ноокен районунун Д.Садырбаев айыл аймагы №27 “Бирдик” жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган билим берүү мекемесинин имараты 1969-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан пайдаланууга жараксыз объектилердин каратына кирген.

Муктаждыкты чечүү максатында 2022-жылы республикалык бюджеттен 94 млн 438 миң сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп, 275 орундуу жаңы, заманбап мектептин курулушу башталган.

Азыркы учурда имараттын чатыры жабылып, айнек-терезелери коюлган. Ага катар ички жана тышкы курулуш жумуштары уланууда.

Билим берүү мекемеси ушул жылдын 31-августта Эгемендүүлүк майрамынын алкагында Жалал-Абад облусунда колдонууга берилүүчү 34 объекттин тизмесине кошулган.