Ноокаттагы чөп базардан Кызыл китепке кирген кумай табылды

Аймак 135 18 Август 2026 11:50
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Ноокат районунун А. Мирмахмудов айыл аймагындагы чөп базардан сатуучулар тарабынан Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген кумай канаттуусу табылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, табылган канаттуу министрликке караштуу Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлоруна өткөрүп берилген.

Ошол эле күнү канаттуу Ноокат райондук ветеринария башкармалыгына жеткирилип, ветеринардык кароодон өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында кумайдын ден соолугунун абалы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери жоктугу аныкталган.

Ветеринардык текшерүүдөн өткөндөн кийин сейрек кездешүүчү канаттуу коопсуз жана ылайыктуу табигый чөйрөгө кайрадан коё берилген.