Ноокатта электр энергиясын туура эмес эсептөөдөн 4,8 млн сом зыян келтирилген

Аймак 11 август 2026 15:00
Ноокатта электр энергиясын туура эмес эсептөөдөн 4,8 млн сом зыян келтирилген

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Ноокат райондук электр тармактарында электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрүн жасалмалоо фактысы аныкталды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анда ишкананын кызмат адамдары 2025-жылы райондогу сегиз айыл өкмөтүнө караштуу бюджеттик мекемелердин электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрүн бурмалап, мыйзамсыз актыларды түзүшкөнү аныкталган.

Документтерге иш жүзүндө пайдаланылбаган 1 млн 218 миң 365 кВт/саат электр энергиясы киргизилип, мамлекетке 4 млн 826 миң 127 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.