Ноокатта эки ГЭС курулууда

Аймак Загрузка... 15 Апрель 2026 15:50
669605649_9425.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Ноокат районунда эки ГЭС курулууда. Бул тууралуу райондун акими Данияр Шейшеканов президент Садыр Жапаровго Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен тааныштырганда билдирди.

Аким маалымдагандай, учурда Ноокат-1 жана Ноокат-2 гидроэлектр станциялары курулуп жатат. Алардын ар биринин кубаттуулугу 7,93 МВт түзөт.

“Буга чейиин кубаттуулугу 600 кВт болгон Курак-Тектир-2 чакан ГЭСи ишке берилген”, - деди ал.