Ат-Башы ГЭСинде үч гидроагрегат оңдолду

Коом 15 сентябрь 2026 11:25
811203275_18119453198476120_2934290789650369369_n.jpg
811266970_18119453174476120_888652852331061851_n.jpg
Алдыга
Артка
811203275_18119453198476120_2934290789650369369_n.jpg
811266970_18119453174476120_888652852331061851_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Ат-Башы гидроэлектр станциясында күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин алкагында үч гидроагрегатта оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, станциянын өндүрүштүк имараттарына капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле жүк көтөрүмдүүлүгү 2×25 тонналык көпүрөлүү кран 50 тонналык гидродинамометрдин жардамы менен сыноодон өткөрүлүп, унаа каражаттарынын дизелдик жабдууларына кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, өрт коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Станцияда автоматтык өрт сигнализациясынын долбоору даярдалып, орнотуу иштери толугу менен аяктады.

Оңдоо иштеринин графигине ылайык, сентябрь айында №4 гидроагрегатты жана SFF-28000/115 үлгүсүндөгү №1 трансформаторду кезектеги оңдоодон өткөрүү пландалган.