Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Ноокат районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 33 миң 100 куб метрден ашык кум-шагыл мыйзамсыз казылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ош экологиялык прокуратурасынын маалыматына ылайык, жер казынасын пайдалануучулар карьерлерди уруксат берилген 5 метрдин ордуна 9-10 метрге чейин тереңдетип казышкан. Натыйжада мыйзамсыз алынган кум-шагылдын болжолдуу наркы 16,75 млн сомду, ал эми мамлекетке келтирилген жалпы зыян 18,24 млн сомду түзгөн.
Ошондой эле айрым жооптуу кызмат адамдары мыйзам бузууларды токтотуу боюнча чара көрбөгөнү аныкталган.
Бул факт боюнча "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.