Ноокат районунда мөмөлүү бак-дарактарды туура бутоо боюнча семинар өттү

Аймак 10 Март 2025 11:50
IMG_9447.JPG
IMG_9444.JPG
IMG_9445.JPG
IMG_9446.JPG
IMG_9449.JPG
IMG_9450.JPG
IMG_9451.JPG
IMG_9452.JPG
Алдыга
Артка
IMG_9447.JPG
IMG_9444.JPG
IMG_9445.JPG
IMG_9446.JPG
IMG_9449.JPG
IMG_9450.JPG
IMG_9451.JPG
IMG_9452.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Ноокат районунда мөмөлүү бак-дарактарды туура бутоо боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар Кара-Суу районундагы “Биздин-Бак” айыл чарба мөмөлүү көчөт өндүрүүчү питомниги менен биргеликте өткөрүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мөмөлүү бак-дарактарды бутоонун жаңы технологияларын жана туура ыкмасын колдонуу боюнча практикалык сунуштарды алышты, ошондой эле суроолорду берүүгө, конкреттүү көйгөйлөрдү талкуулоого жана өз чарбаларында ишке ашырууга боло турган чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мелгилей кетсек, министрликтин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча региондук башкармалыгынын 2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында уюштуруу жана натыйжалуу өткөрүү максатында республика боюнча семинар-окутууларды өткөрүүдө.