Ноокат районунда 5 жылда 123 чакырым жол асфальтталды

Президент 15 апрель 2026 16:06
Ноокат районунда 5 жылда 123 чакырым жол асфальтталды

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Ноокат районунда акыркы 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат. Анын 39 чакырымы курулуп бүтөт.