Ноокат районунда 15 турак үй селден корголот

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2025 15:07
copyright icon www

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Ош облусунун, Ноокат районунда 15 турак үй селден корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш-мерчемине ылайык, Ош облусунун аймагында сел жүрүү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштери уланууда.

Иш-чаранын алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Толман айылында ӨКМден инженердик техника бөлүнүп берилип, анын жыйынтыгында айылдын 15 турак жай, 10 гектар үлүш жер, 1 мазар , 1 мечит селден корголот.