Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь Жазуучулар союзуна барды

Маданият Загрузка... 18 Июнь 2026 10:40
photo_53031077_0hGfGo1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Жазуучулар союзу

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Мо Янь баш болгон Кытай делегациясы Кыргызстандын жазуучулар союзуна барды.

Мекемеден билдиришкендей, аларды Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев баш болгон кыргызстандык акын-жазуучулар тосуп алышты.

Анын алкагында эки өлкөнүн акын-жазуучулары жолугушуп, чыгармачылык боюнча биргелешип иштөө боюнча меморандумга кол коюшту.

Жолугушууга Кытайдын мурдагы маданият министри Ванг Менг, Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Шанг Хонгсен жана жазуучулар бирикмесинин тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы Шанг Хонгбинг келди.