Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь Кыргызстанга келди

Маданият Загрузка... 17 Июнь 2026 12:00
10a5cebf0b1c85bd.xl.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Дүйнөгө белгилүү кытай жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь "Ысык-Көл эл аралык форуму – 40" иш-чарасына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ардактуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев тосуп алды.

"Ысык-Көл эл аралык форуму – 40" дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү коомдук ишмерлерди, окумуштууларды, жазуучуларды жана маданият өкүлдөрүн бириктирген маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.

Форумдун алкагында маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланат.