Адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгр жазуучусуна ыйгарылды

Дүйнө Загрузка... 09 Октябрь 2025 17:35
2047274854_378_344_.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. 2025-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгр жазуучусу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды. Бул тууралуу Стокгольмдогу Нобель комитети билдирди.

Бул — автордун алгачкы ийгилиги эмес. Ал буга чейин 2015-жылы Эл аралык Букер сыйлыгын, 2019-жылы АКШнын Улуттук китеп сыйлыгын (котормо адабият үчүн) жана 2004-жылы Венгриянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Кошут сыйлыгын алган. Белгилүү адабиятчы Сьюзен Сонтаг аны “апокалипсистин заманбап венгр чебери” деп атаган.

Эске салсак, 2024-жылы бул сыйлыкка түштүк кореялык жазуучу Хан Ган татыктуу болуп, анын чыгармалары "тарыхый травмаларды жана адам өмүрүнүн морттугун чагылдырганы" үчүн бааланган.