Нипах вирусун алдын алуу. Тепловизорлор сатып алынууда – министр

Ден соолук Загрузка... 05 Февраль 2026 13:01
nBkSUhL2hFQmmsezIb6BrNOp2Z3z8Zj21iDEh_fH_nKUPXuaDyXTjHou4MVO6BCVoZKf9GqVe5Q_CPawk214LyWK9G1N5ho=6knlu_z_VCORPPzYi7NmyA.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Нипах вирусун алдын алуу максатында эл аралык аэропортторго жаңы жабдуулар орнотулууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президенттик фонддон тепловизорлорду сатып алуу үчүн каражат бөлүнгөн.

600420588_1181523447494209_678461850092894166_n
"Нипах вирусун алдын алуу боюнча алгоритмдерге ылайык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Казакстан, Өзбекстан менен да маалымат алмашылууда. Өлкөгө Индиядан келип жаткан студенттерди изилдөөдөн өткөрүп жатабыз. Президенттик фонддон акча каражаты бөлүнүп берилди. Азыр эл аралык аэропорттордо автоматтык-стационардык тепловизорлор орнотулууда. Азыр мындай жабдуу “Манас” аэропортунда эле бар. Эми андай жабдууларды Ош, Тамчы, Караколдогу аэропортторго коебуз", - деди министр.