Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Сан-Франциского токтогон Princess Cruises круиздик кемесиндеги 120дан ашык жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү саякат учурунда ичеги-карын вирусун жуктуруп алышты. Бул тууралуу Казинформ Associated Press агенттигине шилтеме берип жазды.
Ruby Princess кемеси Сан-Францискодон Канада, Аляскага 20 күндүк эки тараптуу сапарда жүргөндө 102 жүргүнчү жана 23 экипаж мүчөсү норовирус менен ооруп калганын АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору билдирди.
Кемеде 3 миң 32 жүргүнчү жана 1 144 экипаж мүчөсү болгон.
Норовирус өтө жугуштуу жана көбүнчө тамак-аш аркылуу, айрыкча эл көп топтолгон жерлерден жугат. Оору көпчүлүк адамдар үчүн жеңил болсо да, өнөкөт оорулары барлар, жаш балдар жана 65 жаштан ашкандар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Анын белгилерине кусуу, ич өткөк жана ичтин оорушу кирет, алар үч күнгө чейин созулушу ыктымал.
Princess Cruises компаниясынын маалыматы боюнча, экипаж кырдаалга тез арада жооп кайтарып, кеме боюнча күчөтүлгөн санитардык протоколдорду киргизип, кылдат тазалоо жана дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.