Бишкек, 30.01.26 /Кабар/. Бизге COVID пандемиясы абдан чоң тажрыйба болгондуктан, 2020-жылга караганда азыр өлкөдө оорунун алдын алуу чаралары жакшырды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, лабораториялар оңдолуп, жаңылары кошулуп, ооруканалар курулуп жатат. Медицина кызматкерлери үчүн зарыл болгон бет кап, коргоочу кийимдер жергиликтүү цехтерде тигилип, даярдалууда.
“Негизи оору чыкканда илдеттин алдын алуу иштерин күчөттүк. Санитардык-көзөмөл пункттарындагы кызматкерлер бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Айрым бир көзөмөл-өткөрүү пункттарда гана санитардык врачтар, эпидемиологдор жок. Бирок, биз ал үчүн чек ара кызматына жолдомо бердик. Чек арадан өтүп жаткан адамдардын арасында оорунун белгиси байкалса сөзсүз түрдө обочолонтуп, Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборуна маалымат берилет”, - деди Оторбаева.
Белгилей кетсек, аталган Нипах вирусун дарылай турган дары-дармек же вакцинасы жок болгондуктан, бир гана өздүк гигиенаны сактоо менен адам өзүн-өзү коргой алат. Башка оорулардай эле адамдын дене табынын ысышы, суук тийген сыяктуу катуу баш оору жана кусуу Нипах вирусунун жуктуруп алуудагы алгачкы белгилер болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө Индияда катталган Нипах вирусу Кыргызстанга коркунуч жаратпайт. Өлкөдө оорунун алдын алуу чаралары күчөтүлүп, кооптонууга эч негиз жок. Кыргызстанда Индиядан окуганы келген студенттер жана иштегени келген жарандар көп. Булар чек арадагы көзөмөл пунктарынан текшерилип өтүшөт. Өзгөчө студенттерге байланыштуу тиешелүү министрликке берилген жолдомого ылайык, сырттан келген студенттер сөзсүз түрдө толук анализдерин тапшырып, текшерилгенден кийин окууга киргизилет. Бир сөз менен айтканда, бизге келген ар бир жаранга медициналык көзөмөл жүргүзүлөт”, - деди санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы.
Өтө кооптуу, карантиндик жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу республикалык борборунун эпидемиолог-дарыгери Кубанычбек Бектурдиев Нипах вирусун жуктуруп алгандардын ичинен 40-70 пайызы каза болуп калуу коркунучу мүмкүн экендигин маалымдады.

“Азыр Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Нипах вирусун өтө кооптуу жугуштуу оорулардын катарына киргизип койду. Себеби, бул оору абдан тез таркап, өлүмгө алып келүү пайызы жогору. Азыркы маалымат боюнча ооругандардын ичинен 40-70 пайызы каза болуп калышы мүмкүн экен. Ал эми COVID оорусунун бул көрсөткүчү 11 пайызды түзгөн. Демек, бул патогендүү коркунучтуу оорулардын катарына кирет.
Нипах вирусунда бардык оорулар сыяктуу эле адамдын дене табы көтөрүлөт. Андан тышкары, булчуңдар жана баш оорусу мүмкүн. Вирустун эң коркунучтуусу борбордук нерв системасын, башкача айтканда мээни андан кийин дем алуу органдарын жабыркатат. Бирок, эң кызыгы вирус аба аркылуу жукпайт, болгону ылаңдаган малдан адамга же ооруган адам менен тыгыз байланышта болгондо жугат”, - деди Бектурдиев.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти учурда чек арадагы санитардык-карантиндик пунктарда дарыгерлер, эпидемиологдор иштеп жатышкандыгын белгиледи. Өзгөчө Нипах вирусу боюнча кооптуу өлкөлөрдөн мигранттар келип, биздин жарандар ал өлкөлөргө барып эс алып жатышкандыктан алдын алуу чаралары күчөтүлгөн.

Нипах вирусу (NiV) - өтө коркунучтуу зооноздук вирус. Алгач 1999-жылы Малайзиядагы Нипах дарыясына жакын жайгашкан чочко багуучу фермада жумушчулардан вирус аныкталган. Ошол себептен вирустун аты “Нипах” деп аталып калган. Жаратылышта бул вирусту алып жүрүүчүлөр катары жарганат сымал жаныбарлар же жарганаттын “учуучу түлкүлөр” деп аталган түрү аталып, алардын шилекейи аркылуу аталган вирус бөлүнүп чыгаары маалымдалууда. Малайзияда алгач катталганда 100гө жакын адам илдетке кабылып, андан бери 12 жолу оору кайталанган.

Учурда көпчүлүктү кооптондуруп жаткан бул вирус үстүбүздөгү жылдын 24-январында Индияда катталып, 5 адамдын ооруганы айтылды. Мында 5 адам менен байланышта болгон 100дөн ашык адам байкоого алынып обочолонуп турат. Учурда миграциялык кыймыл күчөп, туристтердин саны арбын болгондуктан, өлкөдө тиешелүү кызматтар тарабынан алдын алуу чаралары күчтөндүрүлгөн. Көзөмөл-өткөрүү пункттарына багыттама берилип, өлкөгө келгендердин дене табы, оорунун белгилери текшерилүүдө. Дарыгерлер кооптуу өлкөлөрдө саякаттоодо өздүк-гигиеналык эрежелерди сактоого, суу жана мөмө-жемиштерди колдонууда тазалыкка дыкат көңүл бурууга чакырышат.