Нигерияда жол кырсыгынан 21 адам каза болуп, үчөө жаракат алды

Дүйнө Загрузка... 07 Июль 2025 17:07
WhatsApp Image 2025-07-07 at 16.52.32.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Нигериянын түндүгүндөгү Кано штатында жүк ташуучу унаа менен автобус кагылышып, кеминде 21 адам каза болуп, үчөө жараат алды. Бул тууралуу Синьхуа маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсык Касувар Дого аймагындагы Зариа-Кано шоссесинде автобустун айдоочусу жолдон чыгып кеткендигинен улам болгон.

Кырсыктын кесепетинен өрт чыгып, эки унаа тең күйүп кеткен. Жабыркагандар мамлекеттик ооруканага жеткирилген.

“Өлүмгө алып келген жол кырсыктары Нигерияда көбүнчө ашыкча жүктөлгөн унаалар, начар жол шарттары жана этиятсыз айдоодон улам болот”,-деп айтылат маалыматта.