Нигерияда менингит оорусунан кеминде 156 адам каза болду

Дүйнө 8 апрель 2025 16:35
Нигерияда менингит оорусунан кеминде 156 адам каза болду

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Нигериянын менингит оорусунан кеминде 156 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, менингит эпидемиясы январдан бери өлкөнүн 23 штатына жайылган. Бул мезгилде өлкөдө менингит менен ооруган 1 миң 858 учур катталган.

Маалымат үчүн: Менингит – бул аба аркылуу таралуучу жугуштуу оору, ал мээ менен жүлүндү жабыркатат.