Нигерияда мектеп-интернаттан 25 кыз уурдалды

Дүйнө Загрузка... 18 Ноябрь 2025 17:07
WhatsApp Image 2025-11-18 at 10.15.57.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Нигериянын түндүк-батышындагы Кебби штатында куралчан адамдар мектеп-интернатка кол салып, бир кызматкерди атып өлтүрүп, 25 кызды жатаканадан уурдап кетишкен. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя күн мурун эртең менен Васагу Данко аймагындагы Мага айылында жайгашкан мамлекеттик кыздар орто мектебинде болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, уурдалган кыздардын саны 25тен көп болушу ыктымал.

Учурда аскерлер уурдалган окуучуларды издеп, бандиттердин жүрүүчү жолдорун жана жакын жайгашкан токойлорду тинтип жатышат. Тиешелүү күч түзүмдөр окуя боюнча иликтөөнү улантууда.