Нигерияда мечитке жасалган кол салуудан 13 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 20 Август 2025 18:10
WhatsApp Image 2025-08-20 at 17.22.17.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.08.2025. /Кабар/. Күн мурун Нигериянын түндүгүндөгү Катсина штатында таңкы намаз учурунда белгисиз куралчан адамдар мечитке кол салып, кеминде 13 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жамаат намаз окуп жаткан учурда куралчан топ мечитке кирип келип, аёосуз ок ата баштаган.

Жергиликтүү тургундар кол салгандар муну “жооп кайтаруу операциясы” катары жасаган болушу мүмкүн деп болжошууда.

Анткени мунун алдында, ошол аймактагы жашоочулар өздөрүн куугунтуктап жүргөн бандиттердин көбүн жок кылышкан.

Учурда абалды турукташтыруу аракеттери көрүлүүдө.