Нигерияда кыштактарга жасалган куралдуу кол салууда 13 киши каза тапты

Дүйнө Загрузка... 17 Октябрь 2025 11:58
WhatsApp Image 2025-10-17 at 10.37.03.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Нигериянын Плато штатындагы эки айылга болгон куралдуу кол салууда кеминде 13 адам каза тапты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Рачас жана Равуру айылдарына кол салуулар 14-октябрдын кечинде болгон.

Баркин-Лади районунун башчысы Стивен Гянг Пваджок айтымында, бул чабуулдар негизсиз болгон.

Ошондой эле бир нече тургун кол салган куралчан малчылардан качууга аракет кылып жатып жаракат алышкан.

Каза болгондордун арасында жергиликтүү тургундар бар.

Учурда окуяга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик коопсуздукту камсыздоо жана жаңжалдын себебин аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.