Нигерияда күйүүчү май ташыган кеменин жарылуусунан 35 адам каза болду

Дүйнө 23 октябрь 2025 10:55
Нигерияда күйүүчү май ташыган кеменин жарылуусунан 35 адам каза болду
copyright icon WWW

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Нигериянын Нигер штатында күйүүчү май ташыган танкердин жарылуусунан 35 адам каза болуп, 46 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Катча районунун Эсса айылында болгон. Ал жерде жергиликтүү тургундар оодарылып кеткен танкерден бензин алууга аракет кылып жаткан учурда жарылуу болгон.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү катуу күйүк алып, окуя болгон жерде жан берген.

Милициянын алдын ала маалыматына ылайык, жарылуу май ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан болгон.

Натыйжада танкер оодарылып, айланага күйүүчү май төгүлүп, андан кийин өрт чыгып, жарылууга алып келген.

Нигер штатынын губернатору Мохаммед Умар Баго кырсыкты "терең кайгы жараткан жана элди дүрбөлөңгө салган трагедия" деп атап, бул окуяны "мамлекет үчүн дагы бир оор сыноо" катары мүнөздөдөгөн.

Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.