Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Нигериянын түндүгүндөгү Сокото штатында жүргүнчү кеме оодарылып, 10 адам каза болуп, дагы 10 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жыгач кеме Гороньодогу жергиликтүү базарга бара жаткан учурда оодарылып кеткен.
Алдын ала иликтөөлөргө караганда, кеменин оодарылышына, ашыкча жүктүн жүктөлүшү себеп болгон.
Учурда куткаруучулар, анын ичинде жергиликтүү суучулдар жана ыктыярчылар издөө-куткаруу иштерин улантууда.