Нигерияда кеме оодарылып, кеминде 26 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 02 Октябрь 2025 09:10
WhatsApp Image 2025-10-02 at 09.15.48.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Коги штатында жүк жана жүргүнчү ташып бара жаткан кеме оодарылып, кеминде 26 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык Коги штатынын Ибажи аймагынан Эдо штатындагы Илуши базарына бара жаткан соодагерлерди алып бара жатканда болгон.

Коги штатынын маалымат жана байланыш боюнча комиссары Кингсли Фанво билдиргендей, кеме күн мурун кечинде Нигер дарыясынан өтүп бара жатып оодарылып кеткен. Анын айтымында, каза болгондор Ибажи аймагынан чыккан соодагерлер болгон.

Фанво кырсык тууралуу маалыматты социалдык тармактагы жеке бар акча в аркылуу тастыктап, издөө-куткаруу иштери улантылып жатканын кошумчалаган.